Максим Фадеев «Номад» триосунун аткаруусундагы Кыргызстанга арналган ыр чыгарды — кененирээк

Кыргызстандык «Номад» триосу белгилүү орусиялык продюсер Максим Фадеев сөзүн жана обонун жазган «Кыргызстан» аттуу жаңы ырды тартуулоого камынууда. Трионун катышуучуларынын бири Бек Исраилов Reporter.kg басылмасына чыгарма кандайча жаралганын айтып берип, социалдык тармактардагы сын-пикирлерге жооп берди.
Белгилей кетсек, бул жаңы чыгарма Максим Фадеевдин мурдагы СССРдин 15 республикасына арналган музыкалык циклынын төртүнчү бөлүгү болуп калды. Продюсердин айтымында, бул ыр — кыргыз жерине жана анын элине болгон чын жүрөктөн чыккан сүйүүсүн билдирүү.
«Бул биздин бир тууган 15 республикабызга арналган менин музыкалык циклымдын төртүнчү бөлүмү», — деп жазган ал.
— «Номад» триосу «Кыргызстан» ырын чыгарып жатат. Бул идея кандайча жаралганын жана чыгарманы аткарууга дагы кимдер катышарын айтып берсеңиз?
— Эртең эле «Кыргызстан» ырынын бет ачары болот. Аны биздин трио гана эмес, биз катышкан «Ну-ка, все вместе!» эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Илья Булыгин менен чогуу аткарып жатабыз. «Ты супер!» долбоорунун аркасында биз сынакка катышып гана тим болбостон, ушул чоң музыкалык долбоордун бир бөлүгү болуп калдык.
Ырдын автору — биздин кадырлуу маэстро, көптөгөн хиттердин жаратуучусу Максим Фадеев. Бизге бул ырды ырдоону сунушташканда, баары мынчалык жогорку деңгээлде уюштурулат деп элестеткен да эмесмин. Абдан жагымдуу таң калдым.
Биз долбоорго жана маэстронун өзүнө абдан ыраазыбыз. Максим Фадеевдин чыгармачылыгын бала кезибизден жакшы көрөбүз.
Аны менен алгач бир жыл мурун «Интервидение» сынагында таанышканбыз. Дал ушул Максим Фадеев сынакка катышып жаткан бизди жана биз өкүлү болгон Кыргызстанды алгачкылардан болуп колдоп чыккан. Бул биз үчүн абдан жагымдуу жана баалуу болгон.
Менимче, дал ошол учурдан баштап биздин достугубуз башталса керек. Мына эми ал биз үчүн ыр жазып берди.
— Интернетте: «Кыргызстанда өз өлкөсү жөнүндө ыр жаза турган композиторлор табылбай калыптырбы?» деген талаш-тартыш жаралды. Мындай сынга кандай жооп бересиз?
— Кыргызстанда, албетте, таланттуу композиторлор абдан көп. Болгону, менин оюмча, биздин «Номад» триосу орусиялык музыкалык долбоорлорго көп катышып жүргөндүктөн, ал жактан биздин талантыбызды батыраак байкап, биз үчүн ыр жазууну чечишсе керек.
Эльвира Сурабалдиева
Анара Мамытова