Душанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин карашты

Бүгүн, 20-октябрда, Тажикстандын Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Данияр Амангелдиев сөз сүйлөп, ШКУ өлкөлөрүнүн аймагында товарлардын кыймылын тездетүү, транспорттук чыгымдарды азайтуу, ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорун жана Ысык-Көлдөгү «Тамчы» инвестициялык аймагын өнүктүрүү маселелерин көтөргөн.
Мындан тышкары ал ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү, жасалма интеллект чөйрөсүндө кызматташуу жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата маданий иш-чараларды уюштуруу демилгелерин белгилеп өткөн.
Жыйындын соңунда өкмөт башчылар ШКУ алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган документтерди кабыл алышкан. Алар:
- 25-жыйындын Биргелешкен коммюникеси;
- Соода-экономикалык кызматташтык программасы боюнча отчет тууралуу чечим;
- 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планы;
- ШКУнун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2027-жылга карата бюджети жөнүндө чечимдер;
- Туруктуу органдарды котормочулук жана акчалай камсыздоо боюнча чечимдер;
- Мультимодалдык жүк ташуулар үчүн санариптик платформа түзүү концепциясы;
- Өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлордун маалыматтар банкы жөнүндө жобо.