Минск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикириКыргызстанда кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү көздөлүүдөЧүй облусундагы мектеп-интернатта балдардын укуктарынын бузулушу аныкталды
ЕАӨБ: Акыркы жылдары Индиядан Борбор Азияга болжол менен 1,5 млрд доллар түз инвестициялар келген
11.09.2025 | 13:16

Акыркы жылдары Индиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө келген түз чет элдик инвестициялардын жалпы агымы болжол менен 1,5 млрд долларды түзөт. Бул туурасында Евразиялык өнүктүрүү банкы жарыялаган докладда айтылды.
Андагы маалыматтар боюнча, 2010–2023-жылдары Индиядан келген түз чет элдик инвестициялар негизинен төмөнкү тармактарга багытталган:
- Көмүр, мунай жана газ өнөр жайы – 65,5%
- Кайра жаралуучу энергия өндүрүшү – 17,9%
- Текстиль өнөр жайы – 6,9%
- Фармацевтикалык өнөр жай – 5,1%
- Каржы кызматтары – 4,5%
- Мейманкана бизнеси жана туризм – 0,1%
Аналитиктердин айтымында, Индия менен Борбор Азиянын инвестициялык байланыштары негизинен бир тараптуу болуп, азырынча чектелген деңгээлде сакталууда.
“Индиялык ишканалар Борбор Азияда логистика жана транспорт, айыл чарба, фармацевтика, мунай-газ өнөр жайы сыяктуу тармактарга инвестиция салуу боюнча кенен мүмкүнчүлүктөргө ээ”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика