Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Азия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль утту
01.10.2026 | 17:51

Бүгүн, 1-октябрда, Жапонияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшүндө алтын медаль жеңип, чемпион болду. Ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Кыргызстандык спортчу алгачкы беттешинде Түштүк Кореянын өкүлү Ким Дахюнду 9:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда түркмөнстандык Азатжан Ачиловду 8:0 эсеби менен утуп алган.
Финалдык беттеште Жоломан Шаршенбеков Өзбекстандын балбаны Алишер Ганиев менен килемге чыгып, каршылашын 7:5 эсебинде жеңди.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары, Күрөш