Садыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу иш-чарасына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анжелес шаарына барды. Спутник «SpaceX» компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровду аэропорттон «SpaceX» компаниясынын глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алган.
Эске салсак, буга чейин «Кыргыз Асман» ААКы тарабынан Кыргызстандын алгачкы спутниги иштелип чыкканы, ал айыл чарба тармагында колдонулары маалымдалган. Спутниктен алынган маалыматтар өлкөнүн эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин аныктоого жана түшүмдүүлүктү эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүлөт.