Бишкекте Шакиранын концертине бир күндө 13 миңден ашык билет сатылды

Бишкекте Шакиранын концертине сатуунун биринчи күнүндө 13 миңден ашык билет сатылды — бул сатууга коюлган жалпы билеттердин болжол менен 30%ын түзөт. Билеттерди 22 өлкөдөн сатып алышкан. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, бардык сатуулардын 77,32%ы Кыргызстанга, ал эми 22,68%ы чет мамлекеттерге туура келди.
Чет элдик сатып алуучулардын арасында Казакстан алдыда — чет өлкөлүк сатуулардын 80,01%ы аталган өлкөгө туура келет. Орусияга 13,08%, Өзбекстанга — 3,80%, ал эми калган 18 өлкөгө — 3,10% туура келди.
Жалпы сатуунун көлөмүндө Казакстандын үлүшү 18,15%ды, Орусияныкы — 2,97%ды, Өзбекстандыкы — 0,86%ды түздү.
Ошондой эле билеттерди АКШ, БАЭ, Тажикстан, Түркия, Германия, Кытай, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да сатып алышты.
Шакиранын концертине бардык Skybox орундары толугу менен сатылып кеткени да такталды. Мындан тышкары, VIP жана VVIP категориясындагы билеттердин бир бөлүгү сатылды.
Бул категориялардагы калган билеттерди офлайн режиминде гана сатып алууга болот.
Шакиранын концерти эксклюзивдүү келишимдин негизинде 2026-жылдын 18-октябрында Bishkek Arena стадионунда өтөт. Анын шарттарына ылайык, ырчынын Борбор Азияда, анын ичинде Казакстанда башка концерттери каралган эмес.