Үчүнчү балдар ооруканасында 200дөй бала кезекте турган — депутат

Бишкектеги Үчүнчү балдар ооруканасына Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев барган учурда дарыгердин кабыл алуусун 200дөй бала күтүп турган. Бул тууралуу парламентарий Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтып, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевдин көңүлүн ооруканадагы ашыкча жүктөмгө бурду.
Калпаевдин айтымында, ооруканадагы узун кезек жана дарыгерлердин ашыкча жүктөмү жакында эле пайда болгон көйгөй эмес, ал системалуу мүнөзгө ээ болуп калган. Ачык маалыматтарга ылайык, 2024-жылы ооруканага 284 миңден ашык бейтап кайрылган. Депутат учурда алардын саны дагы көбөйгөн болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Эл өкүлү муну Бишкектин өсүшү жана ооруканага Чүй облусунун тургундары да кайрылып жатканы менен байланыштырды. Ошол эле учурда, анын айтымында, бейтаптардын саны көбөйгөнү менен дарыгерлердин жана башка медициналык кызматкерлердин саны ошого жараша өскөн эмес.
Калпаев ооруканага өзү барып, кезекте 200дөй адам турганын көргөнүн айтты.
«Ал жерге эч ким жыргаганынан барбайт. Балдары ооруп, кыйналгандыктан барышат», — деди парламентарий.
Анын айтымында, маселе өзгөчө түнкүсүн курч турат. Күндүз ата-энелер жашаган жери боюнча поликлиникаларга кайрыла алышат, ал эми түнкүсүн Үчүнчү балдар ооруканасына Бишкектин бардык аймактарынан жана Чүй облусунан бейтаптар келишет.
Буга байланыштуу Калпаев Саламаттык сактоо министрлигин маселени системалуу чечүүгө чакырды. Ал оорукананын штатын көбөйтүп, жетишпеген адистерди тартуу жана мекемени медициналык кадрлар менен толук камсыз кылуу боюнча конкреттүү иштерди жүргүзүүнү өтүндү.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Үчүнчү балдар ооруканасынын аймагында жаңы имарат курулуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, жаңы имаратты 2027-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда. Ал 251 орунга ылайыкталат.
«Буюрса, ошол имараттын эсебинен оорукананы кеңейтүүгө жетишебиз», — деди Букуев.
Ал эми депутат көтөргөн башка маселелер боюнча министрдин орун басары маалыматтарды тактап, кийинчерээк жооп берерин билдирди.