Ысык-Көл облусунда эки адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин атайын жумушчу топ эс алуучу жайларды текшерип чыгышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 229 курорттук-ден соолукту чыңдоо жайы, 1096 жеке сектор,29 суу транспорту жана беш суу аттракционду текшерилген.
«Жыйынтыгында эреже бузуу боюнча 25 факты аныкталып, материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылды», — деп жазылат маалыматта.