Чүй Омск облусунан буудай алып, жашылча-жемиш жеткирет

Чүй Омск облусунан буудай алып, жашылча-жемиш жеткирет

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев баштаган Чүй облусунун делегациясы иш сапары менен Россиянан Омск облусуна барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптардын жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-агартуу байланыштарды өнүктүрүү талкууланды.

Чүй облусу — Кыргызстандын эң өнүккөн айыл чарба аймагы болгондуктан, айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча сөз болду.

“Омскидеги «Зерновые линии» ишканасы аркылуу Чүй облусуна буудайды, эң жогорку жана биринчи сорттогу унду жеткирүү, «ДиборЭкспорт» ишканасынын айыл чарба техникаларын Кыргызстанга алып келүү, айыл чарба илимий борбору сортторду Кыргызстандын жаратылыш-климаттык шарттарында сынап көрүп, ошол эле учурда бизден мөмө-жемиштердин, жашылчалардын жана мөмөлөрдүн көп түрүн Омскинин соода текчелерине жеткирүү, жеңил өнөр жайынын продукциясы, кийим-кечелер менен камсыздоо боюнча бир катар иштер мерчемделди”, — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктө белгилешкендей, Чүй – Омск алакасы узак мөөнөттүү мамилелерге жол ачмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>