Легендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланат
Президент Ысык-Көлдө коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды
25.07.2023 | 17:05
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо иш-чараларын күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
“Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды”, – деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом