Ысык-Көлдө скутер үч адамды сүзүп, экөө каза болду. Чоо-жайы

Ысык-Көлдө скутер үч адамды сүзүп, экөө каза болду. Чоо-жайы

Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болду. Ысык-Көл облустук милициядан билдиришкендей, окуя 23-июлда саат 16:30 чамасында болгон.

Маалыматка караганда, райондук милицияга Ысык-Көл райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп, бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жайгаштыргылганы боюнча  билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Анын жүрүшүндө, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.  Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында каза болуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган.

Учурда тийштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>