Чоң-Алайда эки адам ишкерден 10 млн сом опузалаган деп кармалды

Чоң-Алайда эки адам ишкерден 10 млн сом опузалаган деп кармалды

Ош облусунун Чоң-Алай районунуда эки жаран акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштери министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 18-июнда милицияга ишкер арыз менен кайрылган. Ишкер билдиргендей, ал Карамык айылында көмүр кенин иштетет. Көмүр казуу иштери башталганда, белгисиз адамдар келип, коркутуп-үркүтүп, акча талап кылган. Ал өздөрүн жергиликтүү тургун экенин айтып, акча бербесе, иштешине тоскоолдук жаратарын билдирген. Алар ишкерден 10 млн сом опузалаган.

Аталган факт боюнча «акча опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин маалыматы боюнча, акча опузалаган эки жаран 44,4 миң доллар алып жатканын жеринен колго түшүрүлгөн.

Кармалгандар – 59 жаштагы А.Ж. жана 54 жаштагы Т.З. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>