“Чоң-Кемин” паркында карагайлардын кыйылышы боюнча министрлик үн катты

“Чоң-Кемин” паркында карагайлардын кыйылышы боюнча министрлик үн катты

“Чоң-Кемин” жаратылыш паркындагы тянь-шань карагайларынын мыйзамсыз кыйылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу 21-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Facebook социалдык тармагында аталган паркта дарактардын массалык түрдө кыйылып жатканы тууралуу маалымат чыккан. Мындан улам министр Мелис Тургунбаевдин  тапшырмасы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда аталган иштин бардык материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени турат.

“Текшерүүдөн кийин мамлекеттик “Чоң Кемин” жаратылыш паркынын директору Изат Ибраимовго тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн 17 000 сом айып салынды. Андан сырткары, кызматкерлер арасында мындан ары жогорудагыдай иштерди болтурбоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле 24516 сом доо келтирилгени эсептелип, РИИБге өткөрүп берүү үчүн материалдар даярдалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоого кошуп жаткан салымы үчүн активисттерге, блогерлерге жана кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирет.

Министрлик жаратылышты коргоо мыйзамы бузулган фактылар болгон учурларда чара көрүү үчүн ведомствого кабарлап коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>