Атазов профсоюздардан курортторду сатып алган экс-депутаттарды атады

Атазов профсоюздардан курортторду сатып алган экс-депутаттарды атады

Жогорку Кеңештин бир катар экс-депутаттары Профсоюздар федерациясына караштуу курортторду менчиктештирип алышкан. Бул тууралуу 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат, “Профсоюздар жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шайлообек Атазов билдирди.

Жыйында Алишер Козуев экс-депутаттардын аты-жөнүн атоону өтүндү.

«Укук коргоо органдары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Султан Урманаев, Камчыбек Жолдошбаев, Туйгуналы Абдраимовдун курортторду профсоюздардан сатып алганын тастыкташса жакшы болмок», — деди Шайлообек Атазов.

Ошондой эле, депутат Профсоюздар боюнча жаңы мыйзамды иштеп чыгып, ошонун үстүндө иштөөнү тапшыруу керектигин же болбосо мамлекеттик мүлктөр сатылып кете турганын белгиледи.

“Профсоюздар эч кимди укпайт. Булар прокурорлордон, милициялардан коркпойт. Эч нерсе кыла албайм дегендер да бар. Мына эми Ошто 4 гектар жерди саткылары келип жатат”, — деп кошумчалады эл өкүлү.

Профсоюздар федерациясы өлгөн адамдарга жолдомо сатышкан, — депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>