Чүй облусунда суткасына 400 тонна продукция чыгарган май заводу курулат

14.05.2026 | 10:51

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Россия Федерациясынын Самара облусунан келген инвесторлор менен жолугушту. Тараптар Ысык-Ата районунда ири май өндүрүүчү комбинатты куруу долбоорун талкуулашканын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана тазартылган (рафинаддалган) күн карама майын өндүрүүгө адистешет. Долбоор муздак тазартуунун (рафинациялоонун) заманбап технологияларын колдонууну карайт, ал эми заводдун пландалган кубаттуулугу суткасына 400 тоннага чейин даяр продукция чыгарууга жетет.

Эрлист Акунбеков объектти тез арада ишке киргизүү үчүн инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул долбоорду ишке ашыруу кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Scroll to Top