Кыргызстан менен Түштүк Корея соода жана инвестиция тармагында кызматташууну кеңейтүүдө

14.05.2026 | 10:43

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Түштүк Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (KOTRA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Корея ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, кореялык инвесторлор менен байланышты кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реформалар, колдоо чаралары жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору тууралуу маалымат беришкен.

Ал эми Корея тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Кореянын бизнес-коомчулугуна таанытууга жана ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте KOTRA’нын филиалын ачуу пландалып жатканы маалымдалган. Филиал эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Scroll to Top