Өзгөндө жаңы көмөк чордон жана аба чубалгылары курулат

14.05.2026 | 11:52

Ош облусунун Өзгөн районунда кубаттуулугу 220/110/10 кВ болгон «Исанов» көмөк чордону, ошондой эле 220 кВ жана 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда долбоордук жана тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Министрлик долбоорду каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрында тендердик документтерди даярдоо, тендер процессин коштоо жана курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча Ирандын “Monenco Iran Consulting Engineers” компаниясы менен келишим түзүлгөн. Мындан тышкары, долбоордун экологиялык жана социалдык коопсуздук документтерин даярдоо боюнча Испаниянын “MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A.” компаниясы тартылган.

Министрлик көмөк чордон ишке киргенден кийин Ош облусундагы жаңы курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү, мекеме-ишканаларды жана өнөр жай объекттерин электр энергиясы менен камсыздоо шарттары түзүлөрүн кошумчалады.

Scroll to Top