Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Чүйдө 2 жыл мурун аялды өлтүрүп, сөөктү бекитип койгон шектүү кармалды
18.09.2025 | 11:55

Чүй облусундагы ички иштер кызматкерлери 2023-жылдын 1-ноябрында Чүй каналынын аймагына 1986-жылы туулган аялдын денесин таштап кеткен кылмыштын бетин ачты.
Милициянын маалыматына ылайык, шектүү 1962-жылы туулган жаран маркумду өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн полиэтилен менен ороп, курулуштагы контейнерге жашырып, андан соң Чоң Чүй каналына ыргытып салган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, камакка алынды.