АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кувейт Кыргызстандын 68 айылын таза суу менен камсыздоого грант бөлөт. ЖК мыйзам долбоорун жактырды
18.09.2025 | 12:08

Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Макулдашууда Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 68 айылды суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгууну жана техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону каржылоо каралган.
Макулдашууга 2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом