«Чычканда» баңгизат ташыган аял кармалды — видео

«Чычканда» баңгизат ташыган аял кармалды — видео

Жалал-Абад облусунда «Чычкан» чек ара постунда баңгизат ташыган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-пункту боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында (өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) «Чычкан» постунда, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү ууна токтотулуп текшерилген.

Унааны текшерүү учурунда ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баштык заттар табылып алынган. Алынган заттардын жалпы салмагы 615 граммды түзгөн.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат гашиш баңгизаты болуп чыккан. Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун Ш.А. аттуу  тургуну экендиги аныкталган.

Кармалган жаран Оштун тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>