Бишкекте Түркияны колдоо акциясы өттү (сүрөт, видео)

Бишкекте Түркияны колдоо акциясы өттү (сүрөт, видео)

Бүгүн, 8-февралда Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Түркияны колдоо акциясы өттү.

Акциянын катышуучулары жаратылыш кырсыгы адам өмүрүн алган, кыйроолорду алып келген кыйын күндөрү Кыргызстан Түркияны колдой турганын айтышып, тилектештигин билдиришти.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болуп, анын айынан эки өлкөдө көз жумгандардын саны 9,5 миңден ашты. Түркияда 6957 киши каза таап, дагы 37 миңден көп адам жараат алган. Сирияда 2547 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркаган.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 63 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Андан тышкары гуманитардык жардам жөнөтүлөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>