Чүй: “Электр киргизип берем”- деп акча жымырган киши табылды

20.01.2022 | 14:52

Сокулук районунун Новопавловка айылдарынын биринен электр энергиясын киргизип берем деп тургундардан акча чогултуп, бирок, убадасына турбай из жашырган жаран кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришет.

Маалыматка караганда,  2021-жылдын август айында Сокулук райондук милициясына Новопавловка айылынын 32 жаштагы жашоочусу Ш.М. арыз менен кайрылып, чала тааныш эки жаран 2018-жылы Новопавловка айылындагы жаңы конуштардын биринин тургундарына суу жана электр энергиясын киргизүүнү убада кылышып, 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын чогултушуп, айткан убадаларын аткарышпай из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, С.Д. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын үстүнөн дагы 35 ден ашуун факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Scroll to Top