Кыргызстанда бир жылда эң көп эт, өсүмдүк майы, кумшекердин баасы кымбаттады

Кыргызстанда бир жылда эң көп эт, өсүмдүк майы, кумшекердин баасы кымбаттады

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда бир жылда эң көп эт, өсүмдүк майы, кумшекер жана сүт кымбаттады.

Алсак, 2021-жылдын январында республика боюнча уй этинин орточо баасы 440,08 сомду түздү. Ал эми 2022-жылдын январында орточо баа 482,20 сом болду. Жыйынтыгында уй эти 42,12 сомго кымбаттады. Козу эти 41,97 сомго кымбаттап, үстүбүздөгү жылдын январь айында анын орточо баасы 469,88 сомду түздү. Күн карама майы 24,96 сомго кымбаттап, учурда республика боюнча орточо 175,98 сомдон сатылууда. Кант 16,42 сомго кымбаттады. Үстүбүздөгү жылдын январь айында кумшекердин орточо баасы 71,11 сомду түзөт. Сүттүн орточо баасы 52,19 сомду түзөт. Сүт 13,23 сомго кымбаттады.

Продукциянын негизги түрлөрүнөн картошка (9,78 сомго), кара чай (7,07 сомго), жогорку сорттогу ун (3,49 сомго), жумуртка (1,83 сомго) жана биринчи сорттогу ун 10 сомго чейин кымбаттады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>