Чүй: Ири партияда каннабис чайырын саткандар колго түштү

Чүй: Ири партияда каннабис чайырын саткандар колго түштү

Сокулук районунан ири партиядагы баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жашаган жарандар баңгизаттарды сатуунунун туруктуу каналын түзүп, өздөрү дагы колдонуп жана сактап жүргөндөрү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүүнүн бири жашаган Сокулук районунун айылындарынын бириндеги үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, баңгизат табылып алынган. Тактап айтканда, уктоочу бөлмөдөн жана короодо баштыкка оролуп катылган өзгөчө кескин жыты бар зат табылган.

ИИМдин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүмчөсүнүн маалыматына ылайык, табылып алынган зат каннабис чайыры (афган чарсы) экени аныкталып, жалпы салмагы каннабис чайыры 863 граммды түздү. Андан сырткары 30 грамм апийимдин суюктугу табылды.

Аныкталган фактыларга байланыштуу, мурда козголгон кылмыш иши Кылмы-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнө өзгөртүлдү. Бул кылмыш ишине шектүү катары кармалган 1989-жылы туулган Ж.Б. менен 1989-жылы туулган С.А. карата Сокулук райондук сотунун чечими менен эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган. Кармалган жарандардын бири Ж.Б. алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>