Чүй: Лебединовкада жемкорлук иштер аныкталды

Чүй: Лебединовкада жемкорлук иштер аныкталды

Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында сугат жерлерди мыйзамсыз түрдө калктуу конуш катары каттаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча президенттин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, аталган комиссиянын мүчөлөрү бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди документтерди жасалмалоо жолу менен жеке тараптардын менчиги катары катташып, кийин документтерди жасалмалоо жолу менен багытын калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушкандыгы аныкталган.

Натыйжада, алар жарандарга аталган жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз сатышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>