Таасирдүү ишкер Жек Ма узак убакыттан соң коомчулукка чыкты

Таасирдүү ишкер Жек Ма узак убакыттан соң коомчулукка чыкты

Акыркы үч жылда дээрлик эл алдына чыкпай калган “Alibabа” компаниясынын негиздөөчүсү, кытайлык миллиардер Жек Ма Ханчжоу шаарындагы мектепке барган. Бул тууралуу BBC World жазды.

58 жаштагы Жек Ма 2020-жылы Кытайдын каржылык жөнгө салуучу органын сынга алгандан тарта өзүн коомчулуктан оолак кармап келген.

Ма технологиялык ишкерлерге каршы куугунтуктан улам коомдук жайда көрүнбөй калган эң таанымал кытайлык миллиардер.

“South China Morning Post” гезитинин жазганына караганда, ал бир жылдан ашык чет өлкөдө жүргөндөн кийин  Кытайга жакында кайтып келди.

Ал эми “Alibaba” компаниясына таандык гезит Манын Гонконгдо жашап, ал жерде достору менен жолукканын, ошондой эле “Art Basel” эл аралык көркөм көргөзмөсүнө  барганын кыскача билдирген.

Ошондой эле, гезитте Жек Ма айыл чарба технологиясы менен таанышуу үчүн ар кайсы өлкөлөргө барганы, бирок акыркы жылдары эмне үчүн коомчулукка чыкпай калганы түшүндүрүлгөн эмес.

Мурдагы англис тили мугалими Жек Ма “Alibaba” компаниясынын башкы кеңсеси жайгашкан Ханчжоу шаарындагы Юнгу мектебинин кызматкерлери менен таанышып, класстарды кыдырып чыккан.

Аталган мектептин социалдык баракчасындагы маалыматка ылайык, Жек Ма  мектепте жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуунун потенциалдуу чакырыктарын белгилегендиги айтылат.

«ChatGPT жана ушуга окшош технологиялар жасалма интеллект доорунун башталышы гана. Биз жасалма интеллект менен башкарылбастан, аны көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонушубуз керек«, — деген “Alibaba” негиздөөчүсү.

Эске салсак, буга чейин Жек Ма коомчулукка чыкпай калганынын алгачкы айларында үй камагына алынган же башка жол менен камакка алынган деген сөздөр тараган. Бул анын Кытайдын каржылык жөнгө салуучу органын сынга алганына байланыштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Жек Ма

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>