Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейт

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун идентификациялоо жана текшерүү ишмердүүлүгүн лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесинен чыгарууну караган Министрлер кабинетинин токтом долбоорун даярдады. Документ коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы Кыргызстандын Санариптик кодексинин кабыл алынышы жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жаңыртылган мыйзамдарга шайкеш келтирүү менен байланыштуу.
Буга чейин «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Атап айтканда, байланыштын мобилдик түзүлүштөрүнүн, анын ичинде өлкөгө ташылып келгендеринин жана маалыматтарды өткөрүүчү түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорун идентификациялоо жана аныктыгын текшерүү боюнча ишмердүүлүктү лицензиялоону караган 15-берененин пункту күчүн жоготкон.
Натыйжада, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы бул чөйрөдө мындан ары лицензиялоочу орган болуп саналбайт.
Ошентип, өзгөртүүлөр IMEI-коддорду идентификациялоо жана текшерүү боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырган уюмдарга карата лицензиялык талаптарды жокко чыгарууга багытталган.
Ошол эле учурда, долбоор мобилдик түзүлүштөрдү каттоону же идентификациялоонун өзүн жокко чыгарууну караштырбайт.
Анара Мамытова