Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Чүй облустук милициясына 20 унаа тапшырылды
16.02.2024 | 11:56
Чүй облустук милициясына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “ВАЗ-НИВА-21214” унаалары Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык милициясынын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББнин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Унааларды тапшыруу иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышкан.
“Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү”, – деп билдирет министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом