Бишкекте милиционерлер күнөөсүз адамдарга кылмыш ишин козгоп жүргөн

Бишкекте милиционерлер күнөөсүз адамдарга кылмыш ишин козгоп жүргөн

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери күнөөсү жок адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура борбор калаадагы милициянын ишин текшерди. Анын жыйынтыгында ички иштер кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөш жакшы жүрүп жаткандай түр көрсөтүү максатында бети ачылбаган кылмыштар боюнча жабырлануучулардын кол тамгасын жасалмалоо менен далилдерди бурмалап, кылмыш иштерди кыскарткан жана күнөөсү жок адамдарды мыйзамсыз жоопкерчиликке тарткан фактылар аныкталды.

«Көпчүлүк учурда уурулук фактылары боюнча жабырлануучулардын аттарынан тосмо арыздарын жана жарашуу келишимдерин жасалмалап түзүшүп, колдорун коюшкан. Ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүн жасалмалоо жолу менен кылмыш иштеринин материалдарына жалган маалыматтарды киргизишип, жарандардын жеке менчикке болгон укуктарын калыбына келтирбей, кылмыш иштерин мыйзамсыз өндүрүштөн кыскартышкан«, — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин (кызматтык жасалмачылык), 358-беренесинин (кылмыш-жаза жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу) жана 361-беренесинин (далилдерди бурмалоо) негизинде 77 кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүү Аскер прокуратурасына жана УКМКна тапшырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>