Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылат

25.08.2026 | 11:52
Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылат — Новости Кыргызстана
Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылат — иллюстрация
Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылат — контекст события

Манас шаарындагы «Акылман» президенттик мектеп-лицейи сентябрь айында ишке берилет. Учурда окуу жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоорго ылайык, 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай курулууда. Ошондой эле лабораториялар, китепкана, узундугу 25 метр болгон бассейн, спорт залы жана стадион да каралган.

Курулуш министрлиги долбоордук-сметалык чыгымдарды кайра карап чыгып, мамлекеттик каражатты үнөмдөө боюнча иш жүргүзгөн. Алгач курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 миң 103 долларды түзүп, жалпы наркы 2,1 млрд сомдон ашкан. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында 1 чарчы метрдин баасы 750 долларга түшүрүлүп, жалпы чыгым 1,7 млрд сомго такталган. Мекеме натыйжада бюджеттин 443,5 млн сому үнөмдөлгөнүн билдирди.

Scroll to Top