Чүй өрөөнүндөгү тарыхый жерлер жеке менчикке өтүп кеткен

Чүй өрөөнүндөгү тарыхый жерлер жеке менчикке өтүп кеткен

Жогорку Кенештин Социалдык саясат боюнча комитети Чүй облусунун аймагындагы тарыхый жайлардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач тармактык комитеттин мүчөлөрү Чүй өрөөнүндө жайгашкан байыркы Улуу Жибек жолундагы Невакет, Суяб Ак-Бешим, Баласагун-Бурана калдыктары турган чалдыбарга барышты.

Депутаттар Суяб — Ак-Бешим чалдыбарында тарыхый изилдөө иштери жүрүп жатканына күбө болушту. Адистердин айтымында, казуу ишинде чыккан буюмдар 11-12 кылымдарга туура келет. Ал эми бардык табылган буюмдар музейге тапшырылат.

Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган тарыхый жерлер жеке менчикке өтүп кеткендиктен талаш жаратып жатканын кошумчалашты. Мындан улам тарыхый жерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Ал эми Баласагун — Бурана чалдыбарына барганда Бурана мунарасын коргондоо өтүнүчү айтылып, муну менен катар музей куруу зарылчылыгы белгиленди.

Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен көтөрүлгөн көйгөйлөрдү комитеттин жыйынында кароо чечими кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>