«Талас ТВ» аркылуу жарнама берип, элди алдап жүргөн шектүү кармалды

«Талас ТВ» аркылуу жарнама берип, элди алдап жүргөн шектүү кармалды

Талас облусунда ​элди ​ алдап, акча алып жүргөн адам​ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл январдан баштап Талас райондук милициясына алдамчылык фактысы боюнча Көк-Кашат, Көк-Ой, Козучак, Кумарык, Бал-Бал, Кара-Суу ​айылдарынын тургундарынан​ арыздар түшкөн. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери ачылып, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Милиция кылмышка шектүү катары Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 37 жаштагы Р.К. аттуу тургунун кармаган. Ал мурда дагы алдамчылык кылмыштары менен соттолгондугу аныкталган.

«Текшерүү учурунда, ал жергиликтүү «Талас ТВ» телеканалы аркылуу арзан баада солярка жана ун  алып берүүнү, кымбат баада төө буурчак алууну сунуштап, телефон аркылуу элдерди ​ишендирип «О деньги тиркемеси» менен акча котортуп алган. Бүгүнкү күндө жалпы 9 факты боюнча жарандарга келтирилген материалдык зыян 54 миң сомду түздү», — деп билдирет милиция.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>