Жогорку Кеңештин Регламентинде президенттик шайлоонун датасы өзгөртүлөтЖылуу күз жана тоолордогу жаан: 7-сентябрга карата аба ырайыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы салтанаттуу түрдө Татарстанга өткөрүлүп берилдиАдылбек Касымалиев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити Кыргызстандын кудуретин жана дараметин көрсөттүКыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде жеңүүчү болду«Мадина» базарында өрттөн аман калган кездемелер 50 сомдон сатылып, дуба үчүн таратылууда
Чүй: Жол кырсыгынан 3 киши каза болуп, алтоо жаракат алды – видео
18.11.2021 | 08:36
Чүйдө жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы кагышып, УАЗ оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толук өчүрүлгөн.
Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом