Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы салтанаттуу түрдө Татарстанга өткөрүлүп берилди

06.09.2026 | 21:04
Эстафету Всемирных игр кочевников торжественно передали Татарстану — Новости Кыргызстана

Ысык-Көлдө өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде кезектеги мелдештердин эстафетасы өткөрүлүп берилди. Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозов VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Россия Федерациясында — Татарстан Республикасында өтөрүн, ал эми этноспорттун башкы борбору Казан шаары болорун расмий түрдө жарыялады.

Салтка ылайык, Россиянын делегациясына жана Татарстандын жетекчилигине Кыргызстандын кырк районунан чогултулган ыйык суу толтурулган улуттук көкөр тапшырылды. РФ Спорт министрлигинин өкүлдөрү масштабдуу турнирди эң жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана жылуу меймандостугу үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, дүйнөнүн бардык командаларын Казан шаарына чакырышты.

Эстафетаны кабыл алып жатып, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Кыргызстан Оюндарды өткөрүүдө эң жогорку чекти белгилеп, эл аралык коомчулуктун чоң баасына татыганын белгиледи. Ал Казандагы уюштуруу комитети кыргыз кесиптештери менен тыгыз кеңешип, алардын тажрыйбасын үйрөнүүгө ниеттенгенин баса белгилеп, бир тууган түрк тилинде кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Теги: ВИК
Scroll to Top