Чүйдө 36 чек ара кызматкери батирлүү болду (сүрөт)

Чүйдө 36 чек ара кызматкери батирлүү болду (сүрөт)

Чүй облусунда 36 чек ара кызматкери батирлүү болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, чек арачылар үчүн Новопокровка айылындагы аскер шаарчасында 4 кабаттуу үй салынган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.

Чек арачыларга батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземи бүгүн, 12-сентябрда өтүп, ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Чүй облусунун башчысы, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>