Баткенде үч тургунду алдап кетүүгө шектелип чет өлкөлүк кармалды

Баткенде үч тургунду алдап кетүүгө шектелип чет өлкөлүк кармалды

Баткендин Кадамжай районунда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Турпак айыл аймагынын үч тургуну быйылкы жылдын июль айында чет өлкөлүк жаранга пластик эшик-терезелерди жасатуу үчүн акча берип, бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасын же товарын ала албай жүргөндүктөн, милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучуларга жалпысынан 104 миң сомдук зыян келгендиги аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Ю.А. аттуу чет өлкөлүк жаран аныкталып, Бүргөндү айылынан колго түшүлүргөн.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>