«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов сот тарабынан сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Шаршенбек Абдыкеримовдун бөгөт чарасы 8-сентябрда каралып, ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал сыртынан камакка алынган. Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Белгилей кетсек, учурда Абдыкеримов кармала элек. Ал сыртынан гана камакка алынды. Кийин ал кармалгандан соң бөгөт чарасы каралып, канча мөөнөткө камакка алынары чечилет.

Эскерте кетсек, быйыл апрель айында ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогонун, анын алкагында Чүйдөгү даяр алкоголдук продукциялар сакталган кампалардан («Токмок Буллс» ЖЧКсы) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, «Аю» компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдиктер табылып алынганын кабарлаган. Бул иш боюнча бир нече киши кармалган.

“АЮнун” заводунан 260 тонна мыйзамсыз спирт табылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>