Чүйдө 41 жаштагы киши 64 жаштагы аялды өлтүрдү

Чүйдө 41 жаштагы киши 64 жаштагы аялды өлтүрдү

26-март күнү Жайыл райондук милицияга телефон чалуу болуп аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Алынган маалыматтын негизинде милиция окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1958-жылы туулган Н.Л. аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1981-жылы туулган Д.П., кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>