«Оскар» сыйлыгын «Дүлөй ата-эненин баласы» тасмасы алды

«Оскар» сыйлыгын «Дүлөй ата-эненин баласы» тасмасы алды

Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Уюштуруучулар 94-жолу өткөрүлүп жаткан иш-чараны Украинадагы согушта каза болгондорду эскерүү менен башташты. Экрандагы кара фонго Украинада азыр миллиондогон үй-бүлө тамак-аш менен дары-дармекке муктаж болуп жатканы жазылды.

«Кино – жаңжалдар маалында гуманизмди көрсөтүүчү маанилүү мүмкүнчүлүк. Бирок чыныгы дүйнөдө Украинадагы миллиондогон үй-бүлө тамак-ашка, медициналык жардамга, таза сууга жана куткаруу кызматтарына муктаж болуп жатат. Ресурстар тартыш, биз глобалдык коомчулук катары аларга жардам берүү үчүн кыйла көп нерселерди жасай алабыз», — деп жазылган уюштуруучулардын кайрылуусунда.

Киноакадемия быйылкы жылдын мыкты тасмасы деп «CODA: Дүлөй ата-эненин баласын» аташты. Фильмде дүлөй-дудуктардын үй-бүлөсүнүн тагдыры көрсөтүлгөн. Алардын жашоосу үй-бүлөнүн кулагы уккан жалгыз мүчөсү – 17 жаштагы Руби музыкалык мектепке тапшыруу чечимин кабыл алгандан кийин өзгөрөт.

Тасма жалпысынан үч номинация боюнча талапкер болуп, баарында тең жеңүүчү деп табылды. «Экинчи пландагы мыкты актёр» номинациясы тубаса дүлөй актёр Трой Коцурга ыйгарылды. Ал «Оскардын» тарыхында сыйлык алган экинчи дүлөй актёр болуп калды. Мындан тышкары «CODA: Дүлөй ата-эненин баласы» тасмасы «Мыкты адаптацияланган сценарий» номинациясында жеңүүчү болду.

«Эркектин мыкты ролу» номинациясында «Оскар» сыйлыгы «Падыша Ричард» тасмасындагы ролу үчүн Уилл Смитке ыйгарылды. «Мыкты актриса» номинациясын «Тэмми Фэйдин көзү» тасмасында роль аткарган Жессика Честейн алды.

«Иттин бийлиги» тасмасы үчүн «Мыкты режиссер» номинациясы Жейн Кэмпионго берилди. «Мыкты оригиналдуу сценарий» номинациясы боюнча «Оскар» «Белфаст» тасмасы үчүн Кеннет Бранага ыйгарылды.

«Мыкты толук метраждуу анимациялык тасма» номинациясын «Энканто» алса, Альберто Мьельгонун «Айнек тазалагычы» «Мыкты кыска метраждуу тасма» деп табылды.

«Мыкты ыр» номинациясында Киноакадемиянын сыйлыгы Жеймс Бонд тууралуу No Time To Die тасмасындагы ыры үчүн Билли Айлишке тапшырылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>