Чүйдө айыл өкмөтүн бычак менен коркуткан адам кармалды — видео

Чүйдө айыл өкмөтүн бычак менен коркуткан адам кармалды — видео

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айыл тургундарына тынчтык бербей, бийлик өкүлүн бычак менен коркуткан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-февралда Ысык-Ата районунун А. Токтоналиев айылында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу болуп, анда айыл тургундары буга чейин бир нече жолу соттолгон, кылмыштуу топтун мүчөсү болгон 39 жаштагы М.А. аттуу жаранга нааразычылыктарын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранышкан.

«Себеби ал айыл тургундарына моралдык жана физикалык кысым көрсөтүп, тынчтык бербей келген. Андан тышкары 31-январда саат 11:00дөр чамасында Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында 43 жаштагы О.А. аттуу Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысын бычак менен коркутканын билдиришкен», — деп билдиришти милициядан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«3-февралда кылмыш иши боюнча топтолгон материалдардын негизинде 39 жаштагы туулган М.А. аттуу жаранга сырттан айып угузулуп, сот тарабынан сырттан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалган», — деп айтылат маалыматта.

4-февралда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган жаран бир катар оор кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени аныкталган.

Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>