Аскерге барбагандар 300 миң сом төлөйт. Мыйзам долбоор талкууда

Аскерге барбагандар 300 миң сом төлөйт. Мыйзам долбоор талкууда

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Долбоор коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, Кыргызстанда он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, же болбосо аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугун жоготкон жана мөөнөттүү аскердик кызматтан өтпөгөн эркек жарандар, милдеттүү түрдө альтернативдик кызматка же моблизациялык резервдин жыйындарына чакырылуусу тийиш.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси төлөмдү көбөйтүү боюнча төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат:

— үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн 50 миң сом (азыр 18 миң сом) өлчөмүндө;

— диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн 100 миң сом (учурда 25 миң сом) өлчөмүндө;

— 22 жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечими менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар, аларга карата алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн тиешелүү чечим кабыл алынган учурда 300 миң сом (азыр 50 миң сом) өлчөмүндө каражат төлөө каралууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки эркектер аскердик кызматка чакырылганда анын мөөнөтүн узартууга укугу жок.

Кайсы “чоңдордун” балдары аскерде кызмат өтөгөн? Расмий жооп

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>