Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Чүйдө чоң атасы небересине бычак сайды. Жаш бала ооруканада
14.06.2024 | 13:23
Чүй облусунун Новопавловка айылында чоң атасы небересине бычак сайган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 13-июнда болжол менен саат 17:00до болгон. Мас абалында болгон 68 жаштагы жаран 2006-жылы туулган небереси менен чырдаша кетип, ага бычак сайган. Анын айынан жаш бала №4 ооруканага түшкөн.
Аталган факт боюнча “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары баланын чоң атасы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.