Кыргызстанда пестициддерди лицензиясыз саткандарга айып пул салуу сунушталды

04.09.2026 | 13:20
Кыргызстанда пестициддерди лицензиясыз саткандарга айып пул салуу сунушталды — Новости Кыргызстана

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүүнү, жүгүртүүнү жана сатууну жөнгө салууну өркүндөтүүгө, ошондой эле контрафакттык жана колго жасалган каражаттарга каршы күрөшүүгө багытталган.

Маалымкат-негиздемеде түшүндүрүлгөндөй, учурда бул тармакта укуктук боштуктар бар — сатуучуларга, персоналдын квалификациясына, соода шарттарына жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке карата талаптар так аныкталган эмес. Бул сапаты жана коопсуздугу тастыкталбаган, каттоодон өтпөгөн, контрафакттык жана колго жасалган каражаттардын рынокко чыгып кетүү тобокелдигин жаратат.

Долбоорго ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске эки жаңы берене кошуу сунушталууда. Биринчиси — пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүдө, жүгүртүүдө, сактоодо, жок кылууда же утилдештирүүдө экологиялык коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн, ошондой эле контрафакттык же колго жасалган каражаттарды өндүргөндүгү, ташып келгендиги, сактагандыгы, ташыгандыгы жана саткандыгы үчүн — укук бузуу предметтерин алып коюу менен жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. Экинчи берене — агроаптекаларда жана агродүкөндөрдө пестициддерди жана агрохимикаттарды лицензиясы, тиешелүү билими же атайын даярдыгы жок адам тарабынан сатылгандыгы үчүн — жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралат.

«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» мыйзамга «контрафакттык пестициддер жана агрохимикаттар» жана «колдон жасалган пестициддер жана агрохимикаттар» деген түшүнүктөрдү киргизүү, ошондой эле бул каражаттардын дүң жана чекене соодасы лицензия боюнча гана жана мамлекеттик каттоодон өтүп, Мамлекеттик каталогго киргизилген каражаттар менен гана жүргүзүлөрүн белгилөө сунушталууда. Сатуучулар жана кампа башчылары каражаттар менен коопсуз иштөө боюнча атайын окуудан өтүүгө милдеттүү болот. Дүң соодага экологиялык жана санитардык-гигиеналык экспертизадан өткөн адистештирилген кампалардан гана, ал эми чекене соодага стационардык дүкөндөрдө же өзүнчө павильондордо гана уруксат берилет. Өзүнчө талап катары, базарларда лотоктордон, текчелерден жана автоунаалардан пестициддер менен агрохимикаттарды сатууга, ошондой эле алардын бошогон идиштерин сатууга жана кайра сатууга тыюу салынат.

«Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүнү жана сатууну лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталууда, ал эми лицензияларды Суу чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти берет.

Scroll to Top