«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Садыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырды
07.09.2026 | 16:56

Президент Садыр Жапаров 7-сентябрда Бишкекте акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Тараптар жарандардын укуктарын коргоо маселелерин жана тармактык мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү талкуулашты.
Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Мамлекет башчысы жарандардын укуктарынын сакталышы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
Президент акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлерине укук коргоо органдарынын басымына карабастан жарандардын кызыкчылыгын коргоп, кыйноолор жана укук бузуулар боюнча түшкөн ар бир кайрылууну тыкыр иликтөөнү тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Садыр Жапаров