Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаштары климат жана суу боюнча билдирүү кабыл алышты

Самарканд шаарында RCOY Central Asia 2026 конференциясы жыйынтыкталып, анын негизинде тогуз өлкөнүн делегаттары климат, суу ресурстары жана энергетика боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Жолугушууда Кыргызстандын атынан «ЮНИСОН» фондунун жаштар делегациясы катышты.
Документ аймактагы жети мамлекеттин 1 019 жаш өкүлүнүн арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде даярдалган. Жыйынтыктоочу текст 19 бөлүмдөн турат жана ага Тянь-Шань менен Памир-Алай мөңгүлөрүнүн эриши, трансчегаралык дарыялардын агымын бөлүштүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттык каржылоо тууралуу пункттар камтылган.
Бул аймактык документ БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жыйынды билдирүүсүнүн курамына кирет. Ал 2026-жылдын ноябрында Анталья шаарында өтө турган COP31 климаттык конференциясында жана декабрда Абу-Дабиде өтүүчү БУУнун суу ресурстары боюнча конференциясында сунушталат.