Чүйдө дайынсыз жоголгон Бактыбек Конушбаев изделүүдө

Чүйдө дайынсыз жоголгон Бактыбек Конушбаев изделүүдө

Чүй облусунда 2021-жылдын июнь айынан бери дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы Бактыбек Конушбаев изделүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 10-январда милицияга К.Б. аттуу жаран кайрылып, 60 жаштагы бир тууганы Бактыбек Конушбаев 2021-жылдын июнь айынын ортолорунда Күн-Туу айылындагы үйүнөн саат 10:30да чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: бою 172-177 см, буурул чач, арык чырай, көзү күрөң.

Кийген кийими: ак футболка, саргыч боз шым, кара түстөгү туфли.

Өзгөчө белгилери: тизесинен ылдый сол буту жок

Милиция жарандарга кайрылып, Бактыбек Конушбаевди көргөндөр болсо же кандайдыр бир маалымат бар жарандарды 0312 607 567 (нөөмөт бөлүмү), 0558 861 486, 0554 507 888 (издөө тобу) номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>