«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Чүйдө тоого чыгып, бутун кокустатып алган кызга жардам көрсөтүлдү
31.05.2025 | 10:42
Чүй облусунун “Ала-Арча” капчыгайында бутун кокустатып алган эс алуучулардын бирине куткаруучулар жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 18 жаштагы И.А. аттуу кыз жыгылып, бутун кокустатып алып, тоодон түшө албай калган.
Жерине мамлекеттик паркта нөөмөттө турган ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, жабырлануучуну тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көргөзүп туугандарына өткөрүп беришкен. Абалы туруктуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар