«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Шамалды-Сайда 21 млн сомго жугуштуу оорулар бөлүмү курулду
31.05.2025 | 11:21
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай шаарында 10 койкалуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Тендердик баасы 21 млн сомду түздү.
Жаңы имарат заманбап санитардык жана курулуш стандарттарына ылайык салынды. Бөлүм жугуштуу оорулар менен жабыркаган бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык жана техникалык жабдуулар менен толук камсыздалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар