Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Мээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль утту
01.10.2026 | 10:05

30-сентябрда Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык балбан айым Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүндө коло медалга ээ болду. Ал 68 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Спортчу алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Жарым финалда Түндүк Кореянын балбаны Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калган.
Коло медаль үчүн болгон беттеште Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, мелдешти үчүнчү орун менен аяктады.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары, Күрөш