Чүйдө туристтер менен Балыкчыдан келе жаткан поезддин терезелерин талкалап кетишти

Чүйдө туристтер менен Балыкчыдан келе жаткан   поезддин терезелерин талкалап кетишти

Белгисиз адамдар 8-апрелде саат 22:00 чамасында Кант – Аламүдүн темир жол тилкесинде Балыкчы шаарынан чыгып, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген туристтерди ташып бара жаткан туристтик поезддин вагондорунун терезелерине таш ыргытып, талкалашкан. 

«Кыргыз темир жолу»  ишканасы болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди. 

Окуяда 2 вагондун терезеси сынып, бир кызматкер жабыркаган. Каттамда Ысык-Көлдөн келе жаткан чет элдик туристтер болгону да маалым болду. 

«Мындай көрүнүштөр жүргүнчүлөргө олуттуу ыңгайсыздык жаратат жана алардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат. Өзгөчө, мындай жагымсыз кыймыл-аракеттер чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугуна шек келтирип,

Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн»,-деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>